Батыш Каракол (суу)

Википедия дан
Батыш Каракол
Батыш Кара-Кол суусу
Батыш Кара-Кол суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 89 км
бассейндин аянты 1 230 км²
Суу чыгымы 19.7 м³/с
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Батыш Каракол (суу), Каракол-суу, Көкөмерен дарыясынын сол тузуучу дарыясы.

  • Узундугу 89 км, алабынын аянты 1230 км2.
  • Кыргыз Ала-Тоосу менен Карагатты тоосунун кошулган жеринен башталып, Каракол өрөөнү аркылуу чыгыштан батышка агып, Киндик тоосунун бүткөн жеринен түштүккө бурулуп, Кожомкул кыштагынын батышынан өтүп Суусамыр дарыясы менен кошулуп, Кекемерен дарыясын тузот.
  • Негизинен Монгу жана булак сууларынан куралат.
  • Жылдык орточо чыгымы 19,7 м3/сек.
  • Байкалган эң көп чыгымы 56,9, эң азы 7,03 м3/сек.
  • Апрелде кирип сентябрда тартылат.
  • Оң өйүзүндө Каракол, сол өйүзүндө Кожомкул кыштактары жайгашкан.
  • Куймалары: ШилиСуу (сол), Муз-Төр, Сөөк, Туюк Ала-Арча, Ашуу-Ала-Арча, Жыламыш.
  • Сокулук, Чаар-Таш (оң).
  • Майда куймалары көп.
  • Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия / Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9