Батыш Кара-Суу өрөөнү

Википедия дан

Батыш Кара-Суу өрөөнү - Батыш Теңир-Тоодо, Ат-Ойнок кырка тоосунун түштүк-батыш капталында, Кара-Суунун аккан багыты боюнча түндүктөн түштүккө карай 65-70 км ге созулат. Өрөөн негизинен эрозия процесстеринен пайда болгон. Өрөөндүн төрү кууш (500-1000 м), терең тилмеленген, V формасында; таманынын деңиз деңгээлинен басымдуу бийиктиги 1500-1700 м. Ортоңку жана төмөнкү бөлүктөрү кенен жана жазы (6-7 км). Кара-Суунун Нарын дарыясына чыга берген жери кууш, жардуу. Жогорку бөлүгүнө шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа жана шалбаалуу токой, ортоңку жана төмөнкү бөлүктөрүнө кургак талаа жана талаа ландшафт алкактары мүнөздүү; таманында бадалдуу токойлор кездешет. Төрү жайыт. Ортоңку бөлүгүнүн таманы айдоо, чабынды катары пайдаланылат. Өрөөндө кыштактар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4