Мазмунга өтүү

Бауман Карл Янович

Википедия дан

Бауман Карл Янович (29. 8. 1892, Вильненский волосту, Латвия, -1937) - советтик партиялык ишмер.

  • 1907-жылдан Компартиянын мүчөсү. Киевдеги коммерция институтун бүтүргөн.
  • 1917-ж. Псков, Киев Саратовдо парт, иштерде жүргөн. Киевде Октябрь революциясынын катышуучусу (Киев).
  • 1920-жылдын декабрынан РКП (б) Курск губкомуна секретарь, 1923-ж. РКП (б) БКнын аппаратында иштеген.
  • 1928-ж. ВКП (б) БКНБИ Уюштуруу бюросуна мүчө жана Секретариатынын мүчөлүгүнө кандидат, партиянын БКсынын айыл-кыштак менен иштөө боюнча бөлүм башчысы, ВКП (б) нин Москва Комитетинин экинчи секретары.
  • 1929-30-ж. ВКП (б) БКнын секретары жана Москва комитетинин биринчи секретары.
  • 1930-ж. ВКП (б) БКнын секретары жана ВКП (б) БКнын Уюштуруу бюросуна мүчө.
  • 1931-34-ж. ВКП (б) БКнын Орто Азия Бюросуна биринчи секретарь болуп иштеп, Орто Азияда парт, уюмдарды идеялык жана уюштуруу жагынан чыңдоого, Орто Азия республикаларынын экономикасы менен маданиятын өнүк-түрүүгө зор салым кошкон.

1934-ж. ВКП (б) БКнын бөлүм башчысы.

Партиянын 14-17-съезддеринде ВКП (б) БКга, СССР БАКка мүчө болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.