Башкаруу
Башкаруу – салттуу коомдук мамилелер мезгилинде элдин жашоо-тиричилигин иретке келтирүү. Кыргыздардын тарыхый өнүгүшүндө башкаруунун ар кандай түрү өкүм сүргөн. Патриархалдык мамилелер мезгилинде урууну, урукту, патриархалдык чоң үй-бүлөнү жашы улуу, нускалуу, көптү көргөн аксакал башкарган.
Согуштук демократия күч ала баштаганда башкаруу элдин катмарынан чыккан баатырларга өтүп, бара-бара алардын арасынан хан жана аны менен кошо хандык бийлик өкүм сүрө баштаган. Көчмөн шартта мамлекеттүүлүктүн белгилери ушул системада түзүлүп, уюшкан аскердик көчмөн аристократиясынын келип чыгышына өбөлгө түзгөн. Кыргыздардагы башкаруу көчмөн жана жарым көчмөн жашоо шартына толук ылайыкташтырылган.
Башкаруу системасына бийлер, манаптар, баатырлар киришкен. Кыргыз коомунда бийлердин ролу күчтүү болгон. 18-кылымдын аягынан тартып Кыргызстандын түндүгүндө бийлердин бийлиги манаптарга өтө баштаган, натыйжада башкаруу системасы – манапчылык пайда болгон. Бийлер сот бийлигин жүргүзүп калган. Манаптар бир нече социалдык катмарларга бөлүнгөн.
Бир атанын балдарынан түзүлгөн туугандык топту эркек киши башкарган. Кыргыздардын башкаруу системасында аялдар да көрүнүктүү орунду ээлеген. Тарыхтын тигил же бул кырдаалында алар бүтүндөй элдин башында турган, жортуулдарга башчылык кылган.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
- “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
- “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
- “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
- “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”
Интернеттик шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|