Мазмунга өтүү

Башкаруу байланышы

Википедия дан

Башкаруу байланышы - синтаксистик байланыштын бир түрү. Сөз айкашынын багындыруучу түгөйү өзүнүн лексикалык-грамматикалык маанисине карай алдындагы багыныңкы компонентти башкарып, аны барыш, табыш, жатыш же чыгыш жөндөмөлөрүнүн бирине келтирип байланышса, башкаруу байланыш болот. Башкаруу байланышы жолу менен зат атоочтон, ат атоочтон, эсептик сан атоочтон жана затташып кеткен башка сөздөрдөн (сын атооч, атоочтун, сан атоочтун айрым түрлөрү ж. б.) турган багыныңкы компоненттер байланышат. Андай багыныңкы компоненттерди көбүнчө этиштен, кээде айрым атооч сөздөрдөн турган багындыруучу компоненттер башкарат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4