Башкууганды көлү

Википедия дан

Башкууганды- Ички Теңир-Тоодогу тоо көлү, аты окшош суунун алабында, Жумгал кырка тоосунун түштүк капталында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2860м бийиктиктеги тепши сымал өрөөндүн таманын ээлеп жатат. Аянты 0,264 км, суусунун көлөму 1,72 млн м, эң терең жери 22м. Көл өрөөнү аркылуу аккан Көл суусунун бөгөлушүнөн пайда болгон. Көлдөн суу түз агып чыкпастан, бөгөттөн асты менен сарыгып чыгат. Деңгээли 4-5 мге чейин өзгөрөт. Саргыч-жашыл түстө; тунуктугу 3,5м. Көлдө балык бар. Сугат мезгилинде көлдүн суусу Башкууганды суусуна сордурулуп алынат.