Башнура мөңгүсү

Википедия дан

Башнура мөңгүсү - Чоң Алай кырка тоосунун эң чыгыш бөлүгүндөгү татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Чыгыш Кызыл-Суунун алабында жайгашкан. Уз. 13,8 км, аянты 54,2 км2, абляция облусунун аянты 20,3 км2. Көлөмү 4,74 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 6340 м, этеги 3690 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Фирн облусу Чоң Алай кыркатоосунун Чыгыш Таңы (6346 м) жана Эркечтам (5820 м) чокуларынын ортосундагы түндүк капталды ээлейт. Этегинин эни 3 км. Мөңгүдөн агып чыккан суу этек моренанын топтолушуна шарт түзбөйт. Азыр мөңгү чегинүүдө. Андан Чоң Кызыл-Суунун оң куймасы Нура суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4