Башы жок чабандес (роман)

Википедия дан

"Башы жок чабандес" - 1865-жылы жазылган Томас Мэйн Риддин романы, автордун Америкадагы өзүнүн укмуштуу окуяларына негизделген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Романдагы окуялар 1850-жылы Американын түштүгүндө ,Техас шаарында болуп өтөт.

Плантация ээси болгон бай адамдын кызы Луиза Пойндекстер менен кедей мустангер Морис Жеральд бири-бирин жактырып ,тымызын жолугуп жүрүшөт .

Бир күнү кечинде Луизаны сүйүп жүргөн аталаш тууганы Кассиус Колхаун алардын тымызын жолугушуусуна күбө болуп ,Луизанын агасы Генриге бул тууралуу айтып берет .Генри ачууланып ,мустангерди кемсинтип ,өлтүрө жаздайт .Бирок мустангерди адилетсиз эле айыптагандыгын түшүнүп ,андан кечирим сурамакчы болот .Ал анын артынан жөнөйт ,Кассиус Колхаун да алардын изине түшөт .

Караңгы түнү токойдо адам өлтүрүү болуп ,бул романдын борбордук окуясына айланат.

Кийинки күнү Генри Пойндекстордун жоголгону ачык болот да ,иш козголуп ,Морис Джеральд өлтүрүп салган деген тыянакка келишет .Ошол эле мезгилде талаада (прерия ) ушул окуяга катышы бар ,сырдуу башы жок чабандес пайда болот

Морис Жералдды өз кепесинде жөөлүгөн абалда табышып ,аны өлүм жазасына тартышмак болот .Бирок белгисиз бир окуядан улам өлүм жазасы токтотулуп ,иш сот ишинде көрүүлүүгө жылат .

Мустангер сот жараянын күткүчө ,тажрыйбалуу аңчы жана Мористин эски досу Зебулон Стумп өз алдынча иликтөөгө киришип ,кыска убакыт ичинде кылмышкер Кассиус Колхаун экендигин көрсөткөн көп далилдерди табат .

Сот күнү келет .Зеб Стумп тапкан бардык далилдердин айтып,башы жок атчанды кармап келет , ал чындыгында Генри Пойндекстердин башсыз тулубу болуп чыгат .Анын денесинен "К.К."баш тамгалары жазылган окту алып чыгат. Ошондо баарына чыныгы өлтүргүч Кассиус Колхаун экени айкын болот. Ачыкка чыккан соң ,ал качууга аракет кылат, бирок Морис Джералд аны кармоого жетишет. Сот алдында Кассиус Коолхаун кылмышты өзү жасаганын мойнуна алат, бирок ал тууганын жаңылыштык менен өлтүргөнүн жана чындыгында Морис Жералдды өлтүргүсү келгенин айтат. Мустангерди өлтүрмөйүнчө жашоодон өтпөйм деп сөз берет.Бул сөздөрдөн кийин ал револьверди алып чыгып, Морис Жералддын жүрөгүнө түз атат, анан өзүн өзү атып салат. Бирок, ал өзүн — өзү өлтүрүүгө гана жетишет-Морис Джералдды Луиза берген медальон октон сактап калат. Луиза менен Морис үйлөнүшөт жана Морис Жералд Ирландиядагы өз мекенинде бай баронет экени белгилүү болот. Алар бактылуу жашашат жана башы жок чабандестин окуясы айланадагы тургундарынын оозунан көпкө чейин түшпөйт.