Баш Кара-Суу кум-шагыл кени

Википедия дан

Баш Кара-Суу кум-шагыл кени Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Бишкек шаарынан 16 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1068–1147 м бийиктикте. 1984–85-ж. чалгындалган. Пайдалуу кен катмары ортоңку төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон койташ-кум-шагыл кошундуларынан түзүлгөн. Калыңдыгы 1,8 мден 33,5 мге чейин өзгөрүп, орточосу 11 м түзөт. Койташ-кум-шагыл негизинен интрузивдүү тектерден, кесек бүртүктүү кумдан турат. Кенден кум-шагыл алууга болот. Запасы В–498 миң м3, С1–2987 миң м3, В+С1–3485 миң м3, С2–575 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]