Баш (анатомия)

Википедия дан

Баш (анатомия) - адам жана жаныбарлардын денесинин жогорку же алдыңкы бөлүгү. Анда борбордук нерв системасы, сезүү органдары, тамак сиңирүү, демалуу системаларынын алдыңкы бөлүктөрү жайгашкан. Баштын жайгашуусу менен кыймылы ар бир класстагы жаныбарларда түрдүүчө. Балыктар, жерде-сууда жашоочуларда кыймылсыз, ал эми сүт эмүүчүлөрдө, канаттууларда, сойлоочуларда моюн омурткалары болгондуктан, кыймылдуу келип, туш-тарабын кароого (киттен башкасы) жөндөмдүү. Көпчүлүк курттарда баш бөлүк деп аталат, анткени башы тулкусунан бөлүнбөйт. Адамдын башы башка жаныбарлардыкынан айырмаланып өзгөчө өөрчүгөн кыймылдуу биринчи моюн омурткасы (атлант) менен бириккен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4