Баякунова Шайымбүбү

Википедия дан

Баякунова Шайымбүбү (5. 5. 1942-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөмбаев кыштагы) - СССРдин саламатыкты сактоосунун отличниги (1972-ж.).

Фрунзе шаарындагы республикалык медициналык орто окуу жайын бүтүргөн (1957). Жолдомо боюнча Суусамыр өрөөнүнө келип, 1960-64-жылдарда 1-Май, «Каракол», «Победа>> фельдшердик-акушердик пункттарында, анданкийин 1964-2001-жылдарда Суусамыр участкалык ооруканасында акушерка болуп эмгектенген. Лениндин 100-жылдык юбилейлик (1970) жана «Эмгек ветераны» (1984) медалдары менен сыйланган.

1971-ж. айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган. Көптөгөн райондук, облустук, республикалык жана СССР Саламаттык сактоо министрлйгинин Ардак грамоталарынын ээси. Учурда ардактуу эс алууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9