Баяндама

Википедия дан

Баяндама - ар кандай саясий, социалдык, экономикалык, маданий, эл аралык, аскердик, спорттук ж. б. окуялар менен көрүнүштөрдү талдап кароочу гезит-журнал макаласы. Ал мезгилдүү басма сөз пайда болгондон мурда эле колдонулуп келген. Аны Плутархтын тексттеринен (1-2-к.), кытайлык Ван-Ан-Хинин (2-к.) дидактикалык баяндамаларынан, Монтендин (16-к.) «Тажрыйбаларынан» жана Луис Себастьян Мерсьенин (18-к.) «Парижди баяндоо» аттуу китебинен табууга болот. Азыркы учурдагы баяндама радиоуктуруу жана телекөрсөтүүдө өзүнчө рубрика. КТР, «Замана», «5-канал», «НБТ», «Пирамида» телеканалдары боюнча «Ала-Тоо», «Апта», «Жаңылыктар убактысы» («Время новостей»), «Спорт мозаикасы» ж. б. маалыматтык-талдоо программалары аркылуу ар кандай баяндамалар берилип турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4