Басма сөз

Википедия дан

Басма сөз (французча: presse – пресса, басам, кысам) — пресса деген түшүнүктүн синоними; массалык мезгилдүү басылмалардын (гезит-журналдардын) жыйындысы. Адегенде пресса жалпы окурмандар үчүн саясий мезгилдүү басылмаларды түшүнүшкөн. Ушул түшүнүк менен 1836-жылы Парижде чыккан биринчи массалык «La Presse» гезитинин атынан «Пресса» термини пайда болгон. Прессанын өнүгүшү менен ар түрдүү максаттагы массалык мезгилдүү басылмалардын топтору түзүлгөн (илимий пресса, спорттук пресса, жаштар прессасы ж. б.)
Мезгилдүү (гезит, журнал, альманах, жумалык ж. б.) жана мезгилсиз (китеп, брошюра, альбом, бюллетень, жылнаама, баракча ж. б.) басып чыгарылган басмакана продукциясы. Ал ар түрдүү маалымат, жаңылык, билдирүүлөрдү таркатуу менен коомдук көзкараш, ой пикирлерди калыптандыруу, саясий жана илим, билимдерди даңазалоо максатын көздөгөн таасирдүү курал болуу менен, дүйнөлүк цивилизациянын өркүндөп, өнүгүшүндө чоң мааниге ээ болгон. Басмасөз чыгармачылык-өндүрүштүк иштерди уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө, тематпкалык-мазмундук багыттарына, окурмандар катмарынын мүнөзүнө ж. б. белгилерине карата бир нече түргө бөлүнөт. Мезгилдүү басмасөздүн негизги жана алгачкы түрлөрүнүн бири гезит. Кагаз чыгаруу иши өнүгүп, полиграфиялык техниканын өркүндөшүнөн улам Батыш Европада (Германияда 1609-ж., Улуу Британияда 1622-ж., Францияда 1631-ж.) алгачкы гезиттер чыга баштаган. Россияда туңгуч гезит Пётр 1нин тушунда 1703-ж. 2-январда жарык көргөн. Басмасөздүн экинчи түрү болгон мезгилсиз басылмаларга: китеп, брошюра, плакат, нота ж. б. кирет. Анын эң негизги жана байыркы түрү китеп. Китеп басуу иши 8-9-кылымда Кытайда башталган. Алгач ксилографиялык (жыгачтан оюлган калып менен басуу) ыкма менен буддисттердин «жакут сутра» (868-ж.) аталыштагы ыйык китеби басылып чыккан. Европада 1китеп «Библияны» немис китеп чыгаруучусу И. Гутенберг 1448-ж., Россиядагы 1-китеп «Апостолду» И. Фёдоров менен П. Мстиславец 1563-ж. басып чыгарган. 1965-85-ж. аралыгында китеп басып чыгаруу боюнча СССР дүйнөдө 1-орунду ээлеп турган. Кыргызча туңгуч гезит «Эркин Тоо» 1924-ж. 7-ноябрда жарык көргөн. Ошол жылы кыргыз тилинде «Алиппе», «Ленин кошогу» (ыр жыйнак), «Хрестоматия» китептери, жугуштуу көз оору жөнүндө брошюра (үчөө Ташкенде, бири Москвада) чыккан. 1926-ж. Фрунзеде улуттук китеп басмасы «Кыргызмамбас» уюштурулуп, андан 72 миң нуска менен 14 китеп жарык көргөн. 1926-ж. республикада 5 миң нуска менен үч гана гезит чыкса, 1975-жылы алардын бир жылдык нускасы 660 миң даанага жетип, республикалык 8, облустук 6, шаардык 10, райондукндук 36, көп тираждуу 18, колхоздук 22 газета 5 млн 25 миң нуска менен, мындан тышкары, 13 журнал чыгарылган. Азыр КРдин Юстиция министрлигинен 400дөн ашык ар кандай багыттагы жана мазмундагы гезит-журналдар каттоодон өтүп, жыл сайын он миңдеген китептер жарык көрүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9