Альманах

Википедия дан

Альманах (ар.-календарь) – кандайдыр бир жакындыктары менен (тематикасы, жанры, идеялык -көркөмдүгү, тармагы, авторлордун курагы, улуттук, аймактык өзгөчөлүктөрү ж.б.) бириктирилип, жарыкка чыккан адабий чыгармалардын топтому. Ал бир нече автордун чыгармаларынан түзүлүп, мезгил-мезгили менен чыгып туруучу китеп же журнал. Илгери арабдарда астрономиялык маалыматтарды берип турган таблицалар альманах делген.Кийин альманахтарга тарыхый окуялар, кыска аңгемелер, анекдоттор кошулуп отуруп, баштапкы маанисинен ажырап калган. Бизде, жаш калемгерлердин “Учкун”, “Көктөм” альманахтары чыгат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү. Бишкек, 1994

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine