Баяндоо

Википедия дан

Баяндоо — эпикалык чыгармаларда айтуучунун (автордун) речи, башкача айтканда каармандардын тике сөзүнөн башка чыгарманын толук тексти. Айтуучунун жеке талантына, диндик-идеологиялык түшүнүгүнө, улуттук психологияга, салт-санаага ылайык ар бир манасчыда Б. өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Эпикалык чыгармаларда, анын ичинде Манас эпосунда Б. ыкмасы кеңири колдонулат. Жаратылыш кооздугун сүрөттөөдө, жүрүп жаткан окуяга баа берүүдө, каармандын айлана-чөйрөгө жасаган мамилелерин, иш-аракеттерин көрсөтүүдө, каармандарга портреттик мүнөздөмө берүүдө, психологиялык абалын сүрөттөөдө, эпизод менен эпизодду, окуя менен окуяны байланыштырууда Б. кеңири пайдаланылат. Эпосто сюжеттин өнүгүшү негизинен манасчынын Б-су аркылуу ишке ашырылат да, каармандардын иш-аракеттери эпикалык Б-дон башка диалог-речтер жана монолог ой-жүргүзүүлөр менен жабдылат. Эпикалык Б. каармандардын ички сезимдерин, карым-катышын, эпикалык сүрөттөмөлөрдү, пейзаждык көрүнүштөрдү, эпикалык мезгил, кыскача речтерди, ошондой эле окуялардын талкууланышын, мотивдердин, кырдаалдардын түшүндүрүлүшүн ичине камтыйт. Манас эпосунда Б. эки түрдүү формада — тигил же бул окуяга киришүү алдында кара сөз (жорго сөз) жана көп учурларда ыр түрүндө берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN 5-89750-013-4