Бегимай Турусбекова
| Ынтымак паркында ырдап жаткан Б. Турусбекованын фан-арты | |
| Негизги маалымат | |
|---|---|
| Туулган датасы |
15 -февраль 1989 (37 жаш) |
| Туулган жери |
Тогуз Торо |
| Өлкө | |
| Кесиптери |
ырчы, актриса |
| Активдүү жылдары |
2022 — азыркы учурда |
| Автографы |
[[Файл:|150px]] |
Бегимай Турусбекова — кыргызстандык ырчы жана актриса.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тогузунчу классты аяктагандан кийин Турусбекова Бишкекке келип, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын бюджеттик бөлүмүнө тапшырган. Эки жарым жыл окугандан кийин, ал окуусун таштап койгон.
2022-жылдын июнь айында Бишкекке үй-бүлөсү менен дарыланууга келген. Ынтымак паркындагы сахнада Селин Диондун "My Heart Will Go On" жана Уитни Хьюстондун "I Will Always Love You" ырларын аткарып, эмоционалдуу жана күчтүү аткаруусу менен элдин назарын бурган. Анын аткаруусундагы видеолор социалдык тармактарда кеңири талкуу жаратып, ал күтүүсүз атакка ээ болгон.
2024-жылы ноябрда Турусбекова Ольга Картункова алып барган "Царина" аттуу орус музыкалык шоуга катышкан. Ал жерде белгилүү калыстардан жогорку баа алып, карьерасын ийгиликтүү улантууда.[1]
Тасмаграфиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Жылы | Кыргызча аталышы | Түпнуска аталышы | Каармандык ролу | |
|---|---|---|---|---|
| 2023 | т | Апам кайра студент[2] | Түпнуска аталышы белгисиз | |
| 2024 | т | Абысынки | Түпнуска аталышы белгисиз | абсындардын улуусу, Назира |
| 2025 | т | Кыргызбай | Кыргызбай | Зуля |
Сыйлыктары жана наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Бегимай Турусбекова на шоу "Царица" исполнила песню "Синий иней". Кактус.Медиа.
- ↑ Режиссёр: "Мен аялдардын ички сезимин түшүндүргүм келди". "Апам кайра студент" тасмасынын бет ачар аземи болду. super.kg (27 -октябрь (тогуздун айы) 2023). Текшерилген күнү 4 -август (баш оона) 2025.
