Бегимкулов Иманжан

Википедия дан

Бегимкулов Иманжан (1919, Суусамыр өрөөнү - 1995, Суусамыр кыштагы) - согуштун жана эмгектин ардагери.

  • СССРдин эл агартуусунун отличниги (1976).
  • Тунук орто мектебине анын ысмы ыйгарылган.
  • Фрунзе (Бишкек) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1953; сырттан окуган).
  • Эмгек жолун 1937-ж. Сары-Камыш айылындагы Кызыл-Нооту башталгыч орто мектебинде баштаган.
  • 1939-ж. ошол эле мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы.
  • Ал 1941-ж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде армияга чакырылып, учкуч истребитель курсунда окуйт.
  • 1942-ж. Литвада оор жаракат алат.
  • 1942-жылдан Тунук башталгыч мектебинде алгач мугалим, кийин директор болуп дайындалат.
  • 1975-жылдан окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аткарат.
  • Сөзгө өтө чебер дасыккан педагог болгон.
  • Ал 1949-ж. «Эмгектеги артыкчылыгы» жана башка медалдар менен, 1950-ж. согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени менен сыйланган.
  • 1960-ж. «Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги» наамына ээ болгон.
  • Жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9