Бедечи шиштумшук

Википедия дан

Бедечи шиштумшук - (Otiorrhynchus ligustici L.) шиштумшуктар тукумундагы коңуз. Дене уз. 9-12 мм. Канаты кара, тумшугу катуу, томпок. Личинкасы ак саргыл, буту жок, башы күрөң, денеси катуу кылдуу. Ал Европа жана Азияда, Европанын чыгыш бөлүгүнүн тоолуу жерлеринде кездешет. Коңуздары менен личинкасы топуракта кыштап, жазында чыгат да өсүмдүктүн жалбырагы менен азыктанат. Беде, уйбеде, эспарцет, кант кызылчасы, жербуурчак, жасмык, соя ж. б. өсүмдүктөргө зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4