Беде ылаңы

Википедия дан

Беде ылаңы - жылбырска же уй бедени күн ачыкта мал оттогондо, күн нурунун кесепетинен тийген дарт. Ылаңдаган малдын терисинин пигментсиз, ак жүндүү же такыр жери сезгенип, шишип кетет. Шишиктин үстү кээде исиркектенип, сары суу агып турат. Ак козу-улактардын кээсинин кулагы чирип түшөт. Ылаң оорураак болсо, кай бир учурда жылкыны да өлүмгө дуушар кылат. Мындан сактануу үчүн ылаңдын биринчи эле белгилери шек бергенде, уйбеделүү шалбаага мал жаюуну же чабынды чөбүн берүүчү токтотуп, шектүүлөрүн көлөкөгө байлап, терисинин пигментсиз жерине майлуу көө шыбоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4