Бекбоев Аскарбек Абдыкадырович

Википедия дан
Бекбоев Аскарбек Абдыкадырович
Жалпы маалымат
Толук аты-жөнү: Бекбоев Аскарбек Абдыкадырович
Туулган жылы: 1956 ж.
Төрөлгөн жери: Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылы
Өлкө: Кыргызстан

Бекбоев Аскарбек Абдыкадырович Философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер

Биографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бекбоев Аскар Абдыкадырович, 1956-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Билим алууну улантуу максатында СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетке тапшырып, ал окуу жайды 1978-жылы ийгиликтүү аяктап кабарчы кесибине ээ болгон. Алгач эмгек чыйырын мамлекеттик телерадио корпорациясында кабарчысы болуп баштаган.

Профессионалдык тажырыйбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио берүүсүнүн корреспонденти (1978-1979жж.);

Кыргызстан УИАсынын Философия жана Укук Институтунун кенже илимий кызматкери, аспиранты, ага илимий кызматкери, Окумуштуу катчысы жана докторантты (1980-1993жж.);

Тажикстан ССРинин УИАсынын Философия бөлүмүндө стажер-изилдөөчү (1981-1983 жж.);

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин биринчи (окуу иштери) боюнча проректору (1994-2002 жж.);

И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ректору (2005-2010 жж.);

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Апаратынын илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы (2010-2012 жж.);

Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын Төрагасынын кеңешчиси, Эмгек жана Социалдык Мамилелер Академиясынын ректору (2013ж.-азыр);

«Академиялык Альманах» Илим, билим, тааным журналынын негизги редактору;

Академиялык кеңештин, докторлук диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңештин мүчөсү.

Илимий эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыйырмадан ашык китептин автору (алардын ичинен ондон ашыгы жеке өзүнүкү, ону авторлор менен бирге, жети илимий методикалык эмгек, эки жүздөн ашык илимий популярдуу макаланын автору. Жүздөгөн теле жана радио берүүлөрдүн негиздөөчүсү

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл-аралык антиковеддер Коомунун мүчөсү (Москва шаары)

Аль-Фараби атындагы КазУУнун докторлук диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңештин мүчөсү (Алматы шаары)

Кыргыз Республикасынын Улуттук Аттестациялык Комиссиясынын Эксперттик Кеңешинин философия, саясат таануу, социология, маданият таануу жана искусство таануу тармактарынын төрагасы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиянын Президиумунун мүчөсү

«Саясат. Политика. Politics» - маалыматтык-аналитикалык басылмасынын башкы редактордун орун басары

Колдонмо (Прикладной) спорттун Орто-Азия Федерациясынын Ардактуу Президентти (КОААП)

Карате боюнча кара курдун ардактуу ээси (5 Дан)

«И. Арабаев атындагы Вестник » журналынын Башкы редактору

«Кыргызстан жогорку окуу жайлар Ассосациясынын» төрагасы

«Высшее образование Кыргызской Республики» журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү

Кыргыз Республикасынын коомдун палатасынын Илим, билим жана маалымат саясаты Комиссиясынын Төрагасы

Россия Федерациясынын Социалдык Илимдер Академиясынын Академиги

Социалдык чөйрөнү долбоорлоо Кеңешинин эксперти (Москва ш.)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эксперттик топтун жетекчиси

Илимий адистерди даярдоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Он сегиз илимдин кандидатын, эки илимдин докторун даярдаган

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2009ж.)

«Даңк» Орденинин ээси (2004ж.)

Түндүк Кипр Республикасынын Ардактуу ордени

Илим жана техника жаатындагы Ленин комсомолу Сыйлыгынын лауреаты (1989ж.)

Билим берүүнүн отличниги (1999 ж.)

Союздук жана Республикалык Борбордук Комсомол Комитеттеринин Ардак грамоталарынын жана төш белгилеринин ээси

Илим жана техника жаатындагы И. Ахунбаев атындагы Жогорку Академиялык Сыйлыктын Лауреаты (2005ж.)

И. Арабаев атындагы КМУнун юбилейдик төш белгисинин ээси

Профсоюздук кыймылдын жана илим-билимдин отличниги (2006ж.)

«Профсоюздун жогорку социалдык өнөктөшү жана ишмери», Бүткүл республикалык кароо-сынактын жеңүүчүсү (2006ж.)

Мин-Он ассоциациясынын ардактуу төш белгисинин ээси (Жапония 2008ж.)

«Чернобыль АЭСинин кыйроосуна арналган эскерме» төш белгисинин ээси (2008ж.)

Жапония жана КЭР университеттеринин ардактуу профессору (2008ж.)

Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси (2008 ж.)

«Кыргыз Туусу» улуттук газетасынын Ардак грамотасы.