Бекбосун Жайчыбеков
Бекбосун Жайчыбеков
| |
Туулган датасы | |
---|---|
Туулган жери | |
Өлгөн датасы |
6 -сентябрь 2024 (75 жаш) |
Өлгөн жери | |
Өлкө | |
Жанры | |
Стили |
Бекбосун Жайчыбеков (1928-2024) — Советтик жана Кыргызстандык сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1991). Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (2007). "Даңк" медалынын ээси. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (2022).
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982). «Мектеп» (1983–89), «Кыргызстан» (1996–97), «Адабият» (1989–92), «Шам» (2005–07), «Кут аалам» (2007–10) басмаларында улуу көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп иштеген. Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү сүрөтчүсү. Түркмөнстан, Беларуссия, Казакстан, АКШ, Швейцария мамлекеттеринин китеп басмаларынын, ошондой эле «Сорос-Кыргызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык, эл аралык китеп конкурстарынын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон. Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн КР билим берүүсүнүн отличниги (2007), КР маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1