Бекей баатыр

Википедия дан
Бекей‎»‎ барагынан багытталды)

Бекей баатыр (Каман баатыр) Бекей Каңдыбай уулу, Аксуулук Түгөлбука (Басыз) баатырдын небереси. (Болжол менен 16-кылымдын орто ченинде жашап өткөн тарыхий инсан) "Казак кайың сааганда, Кыргыз Гиссар качканда" деген макал-лакап пайда болгон мезгилде Түгөлбука баатыр Калмактар менен болгон согушта каза болгон уулу Каңдыбайды жерге берип, согуш майданынан кийин майышып турган эл-журтун жана калган жоокерлерин алып Гиссар-Каратегин жака жол тартаардын алдын, алты айлык боюнда бар келини Гүлжаканды үч жашар небереси Алчынды төркүнү казак жака жөнөтүп жиберет.

Тажик ханынын колдоосу менен Түгөлбука баатыр элин Ош, Паргана, Анжыян, Көк-Арт, Өзгөн тарапка жайгаштырууга жетишет. Бул учурда келини Гулжакан ханзаада уул төрөп атын Бекей коюп чоңойтуп жаткан болот. Арадан жылдар өтүп эки бир тууган Алчын менен Бекей бой жетип ата-тегин издеп Чүй, Талас, Теңиртоо аркылуу өтүп Көк-Арт өрөөнүнө келишет. Алардын келиши Курманбек баатырдын небереси Шырдакбек өз атасы Сейитбек менен чоң атасы Курманбектин ашын берип жаткан учурга туш келет. Бекей баатырдын келишин Шырдакбеке анын досу Төлөк баатыр кабар айтып билдирет.

Бекей баатырдын Каман баатыр аталып калышынан келсек, күзгө маал Шырдакбек өз жигиттери менен Бекей баатыр болуп ууга чыгып келе жаткан болушат, алдыда Шырдакбек анан Бекей, алардан кийин чарчап чаалыгып кечке топтогон шырааалжын жүктөрүн жүктөнүп, азил-тамаша менен капарсыз келе жаткан жигиттердин алдынан азуусу арсайгон көлөмү эбегейсиз чоң каман чыга калат. Каманды байкап калган Бекей баатыр атынын оозун шарт кагып алдыга чыга калып, ат үстүнөн октой учуп, азуулуу камандын үстүнө минип кулактан кармап шамшар менен колтука сайып жыгып жатканын көрүп турган Шырдакбек жигиттерине карап "Оо жигиттер! Көрдүңөрбү бул окуяны, биз көрүп турган азуулу каман оңой душман беле, Кудай сактады байкабастыктан майып болуп кала жаздадык деп Бекейге карап: - Сен чыныгы баатыр экенсиң, болгондо дагы адамдан чыккан Каман баатыр экенсин деп бата берген экен. Ошол күндөн баштап Бекей баатыр Каман баатыр аталып калган экен.

Бекей баатырдын урпактары (Камандар) Көк-Арт өрөөнүндө жашашат. Камандардан элди жерди душмандардан коргогон баатырлар эл адамдары көп чыккан, мисалга алсак: Эшиге баатыр, Токтомуш баатыр, Балпык акылман, Тилеке бий, Ормош бий, Кокон хандыгынан бийлердин бийи деген наамды алган Нусуп акылман, Чыйбыл болуш, Чоңооз бий, Алымбай болуш, Муратбек уулу Багыш - бий, Көк-Арт өрөөнүнө туникелеп мечит салдырып, балдарды окуткан Курбанкул бий ж.б.