Бекетов Андрей Николаевич

Википедия дан

Бекетов Андрей Николаевич [26.11.(8.12). 1825, Россия, Пенза губерниязы., Новая Бекетовка 1(14).7. 1902, Москванын жаны] орус ботаник-эволюционисти, өсүмдүк морфологиясын жана географиясын негиздөөчүлөрдүн бири; россиялык ботаниктердин илим мектебин уюштуруучу; Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1891), ардактуу мүчөсү (1895). Казан университетин бүтүргөн (1849). Харьков университетинде проф. (1863-97), Санкт- Петербург университетинин ректору (1876-83), ошол университеттин алдында ботанический бак жана гербарий уюштурган. «Ботанические записки» журналын уюштуруучулардын бири. Аялдар жогорку курсун уюштурган жана жетектеген (1878-жылдан). Өсүмдүктүн вегетациялык органдарынын түзүлүш законченемин, өсүмдүктүүлүктүн алкактуулук маселелерин жана жандуу табияттын бүтүндүүлүгүн изилдеген. К. А. Тимирязев, В. Л. Комаров, И. Ф. Шмальгаузен анын окуучулары болгон. Жогорку мектептер үчүн көптөгөн окуу китептердин автору. Эмгектери.: Курс ботаники. Морфология и географические распределение семейств... СПб., 1889.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4