Бекир Чобанзаде

Википедия дан

Чобанзаде Бекир Вагап оглы (1893-1938) - совет акыны, түрколог, адабиятчы. Крымдагы Аргын кыштагында туулган.

  • Стамбулдагы «Султани» лицейинде окуган (1909--1914).
  • Будапешт университетин бүткөн (1918), филология илимдеринин доктору (1920).
  • Будапешт, Лозанна университеттеринин профессору (1919-1920).
  • Мекенине 1920-жылы кайтып, 1921-жылдан Крым БАКка мүчө. Крым (1922-жылдан), * Азербайжан (1924-жылдан) университеттеринин профессору,

СССР ИАнын Азербайжан филиалына (1935-жылдан), Париж лингвистикалык коомуна (1935-жылдан) мүчө.

  • 1913-жылы «Апаң кайда» аттуу поэмасы, 1928-жылы «Бороон» аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.
  • Чобанзаденин тил маселелери боюнча жазылган эмгектеринде түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы, ал тилдерди окутуунун методикасы изилденет.
  • Крым татарларынын ж. б. түрк элдеринин адабият тарыхы жана фольклору боюнча да илимий эмгектер жазган.

Латын алфавитинин негизинде түрк элдеринин алфавитин иштеп чыгууга катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9