Белги берүүчү мезгил

Википедия дан

Белги берүүчү мезгил — жугуштуу оорулардын алгачкы мезгили.

Бул мезгилде оорунун алгачкы, анча даана болбогон белгилери байкалат, мисалы, тамакка табити жоголот, уйку бузулат, баш ооруйт, алы кетет жана башка. Ал инкубациялык мезгилден (жашыруун мезгил) кийин болот. Бул мезгилден кийин ошол ооруга мүнөздүү белгилер (ысытма, териге бүдүрлөрдүн чыгышы жана башка) пайда болот. Белги берүүчү мезгил жугуштуу эмес ооруларда, мисалы, миокарддын инфарктында (жүрөктүн оорусу бара-бара жана тез-тез приступ болушу) да болот. Киши өзүн бир аз эле жаман сезүүсү катуу оорунун башталышы болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан мындай учурларда эрте врачка кайрылуу диагноздун туура коюлушуна жана дарылоонун натыйжалуу болушуна шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8