Мазмунга өтүү

Инфаркт

Википедия дан
Жүрөктүн алдынкы дубалынын сол карынын инфаркты.

Инфаркт — органдын же ткандын артериялык кан жетпей калган бөлүгүнүн некрозго (өлүмтүккө) чалдыгуусу.

Тромбоз, эмболия же ошол тканды азыктандыруучу артериянын тарышы, шишик басып калышы Инфаркттын түздөн түз себеби болуп эсептелет; Инфарктта ткандардын өзгөрүүсүнө гипоксиянын да таасири чоң. Инфаркттын ишемиялык, геморрагиялык жана башка түрлөрү бар. Ишемиялык Инфарктта некроз болгон жерге кан жетпей калса, геморрагиялык Инфарктта ал жерге ашыкча кан толот. Ишемиялык И. жүрөк, бөйрөк, көк боордо, ал эми геморрагиялык Инфаркт өпкө, ичегиде кармайт. Инфаркт кургак (миокарддын Инфаркты) же нымдуу (мээнин Инфаркты) болушу мүмкүн. Инфарктта органдар абдан өзгөрүп: өлүк масса чогулуп киста (мисалы, мээде) же тырык (мисалы, жүрөк булчуңунда) пайда болот.

Инфарктты алдын алууда ага себеп болуучу ооңулардан сактануу керек.


Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8