Эмболия

Википедия дан

Эмболия — кан тамыр же лимфа тамырлары боюнча ар кандай бөлүкчөлөрдүн — эмболдордун жылып, аны бүтөп калышы.

Эмболияны көбүнчө тромб пайда кылат (тромбоэмболия). Андан башка кан же лимфа тамырлары аба, газ, май жана башкалар менен да бүтөлүшү мүмкүн. Аба Э-сы кан тамырга дары куюуда, моюн венасы жабыркаганда кан тамырга абанын киришинен болот. Газ Эмболиясы атмосфера басымы жогору чөйрөдөн төмөн чөйрөгө кескин өткөндө кандын өзүнөн газ бөлүнүп чыгышынан, май Эмболиясы жилик сынганда, операция учурунда кан тамырга май таамп кетүүдөн болушу ыктымал. Эмболиянын белгилери тромбдун пайда болушуна, кан тамырга жараша болот. Вена Эмболиясы көп кезикпейт. Кол же бут артериясынын Эмболиясында органга кан жетпей, ооруйт, кубарат, муздайт, ал жердин сезгичтиги жоголуп, ткань жана орган некрозго чалдыгат.

Эмболияны консервативдик жана хирургиялык жол менен дарылайт. Консервативдик дарылоодо спазмга, кандын уюшуна каршы дарылар берилет. Эгерде мындай дарылоо жардам бербесе хирургиялык жол колдонулат.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8