Белек бий

Википедия дан

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белек бий(т.ж.-өлгөндүгү белгисиз) көл башында Бугу уруусунун бийи болгон. Белек бий кичине кезинен эле тын болуп, адамдардын кулк-мүнөзүн, жакшы жаманын ажыратып түшүнгөн.
Белек бийдин үч аялынан он уулу болгон. Көзүнүн тирүүсүндө солто уруусунан чыккан Санчы-сынчыга балдарын сынаткан дешет. Санчы-сынчы Белектин балдарына төмөндөгүдөй сын берген экен:
Калмактан белги таш алган,
Бугунун бийи баатырым.
Балдарыңды Белек бий,
Сынатканы чакырдьң.
Чогултуп кел кашыма
Сынап берем башынан.
Чоң байбиче Мекеден,
Төрт уулуңдун жетеле.
Жазы маңдай жар кабак,
Сом билектүү немелер.
Суу башы болуп элдин алар,
Өз жандарын тынбагар,-деп. Белек бийдин чоң байбичеси Мекеден төрт уулу болгон. Белек бийдин экинчи аялы Жаркын Эне болгон, Белек бий каза болгондон кийин кайниси Такабайга турмушка чыгат. Бүткүл арка кыргызында калмакка Белектен кадырлуусуу жок болгон. Белекти ээрчиген туугандары болсун, башкалар болсун тезинен эле байып кетишкен .Муну угуп Алайдан, Анжияндан, Кетмен-Төбөдөн жана башка жердеги тентип жүргөн, качып барган кыргыздар Белектин үстүнө келип, жанын багып турушкан.
Ошонун бири болуп, төрт ата тууганы Маматкул Учуке уулу Белеке көчүп келген. Маматкул бир жарым жыл турган кезде катыны тууп, Белектин катынынан аш катыктап ичүүгө май суратса, Белектин катыны: «Бечаранын катыны, бечарадай эле болбойбу, май эмес суу ичип туруп кетпейби»,-деп май бербей койгон. Белектин үйүндө дайым бозо салынып турган, ал жерде күнүгө эл чогулуп бозо ичип турушкан. Бир күнү кар жаап жатканда Маматкул Белектикине бозо ичкени келет, ошндо Бугунун балдары : «Маматкул эмес эле , анык эле Мээнеткул экен»-деп айтышкан. Мындан соң Маматкул Белектен ажырай көчүп, кытайдан барып Кетмен Төбөдөгү Сарыбагышка кошулган. Белек Нарындан көчүп келип, Кочкор, [[Күнгөй], Тескейдин көчүгү Кетмалды, көбүнчө Семиз-Бел, Улаколго келип турганы Белек Солтоноевдин Кызыл кыргыз тарыхында жазылган.
Кыргыз тарыхында Белек бий калмактар менен тил табышып, элин тентитип жибербей [[Көл] кылаасында алып калган дипломат, акылман бий катары ордун тапкан инсан болуп эстелет.

Колядонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Закиров С. Кыргыз санжырасы .- Б., 1996
Кыргызстан тарыхы.Энциклопедия.-Б., 2003.
Кыргыз санжырасы - Б.,1994.
Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы.1-2 китеп.-Б.1993
Ысык-Көл облусу. Энциклопедия.-Б.,1997