Белентеке заказниги

Википедия дан

Белентеке заказниги - Чүй облусунун Москва районунда. Кыргыз Ала-Тоосунун түнтүк капталында, Кашкасуу, Тепши, Миңтокум, Көл сууларынын алабын ээлейт. Аянты 30,5 миң га. Саны азайып бараткан тоо эчки, улар, кекилик ж. б. жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-ж. уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4