Беллинилер

Википедия дан

Беллинилер - Италия живописчилердин үй-бүлөсү, Венецияда Кайра жаралуу искусствосун негиздөөчүлөр. Үй-бүлөнүн башчысы Якопо Б. (1400-ж. чен, Венеция 1470 же 1471, ошол эле жерде), анын көрүнүктүү графикалык мурастары (сүрөт альбомдору, Лувр, Париж жана Британ музейлеринде; 1440-50-жылдар), байыркы эстеликтердин, күндөлүк турмуштун эпизоддору, көп жактуу диний мифологиялык сүрөттөрү сакталган. Архитектуралык сүрөттөрүнө готикалык шарттуулук мүнөздүү. Анын уулу Жентиле (1430-ж. чен, Венеция 23. 2. 1507, ошол эле жерде) атасынан окуган жана аны менен биргелешип иштеген. 1474-83-ж. Венеция республикасынын атайын живописчиси кызматында иштеген. 1479-ж. Константинополго Султан Мехмед Пнин чакыруусу менен барып, портреттерди жараткан (Мехмед II, Ул. гал., Лондон; патриарх Жустиниани, 1465, Академия гал., Венеция ж. б.). Анын тарыхый-диндик окуялар чагылдырылган көп фигуралуу композициясы («Сан-Марко аянтындагы процессия», «Сан-Лоренцо көпүрөсүндөгү керемет», «Ыйык Айкаш жыгач менен айыктыруу», 1496-1501, бардыгы Академия гал., Венеция). Кийинки иштерине «Касиеттүү Марктын Александриядагы насыяты» (Жованни Б. бүтүргөн, 1504-07, Брера гал.) кирет. Ж ов а н н и Б. (1430-1435, Венеция 29. 11. 1516, ошол эле жерде) Б. Якопонун экинчи уулу Венеция мектебинин ири чебери. Ал да атасынан окуган. Диний мифологиялык темадагы классикалык картиналары колоритинин гармониялуулугу, пейзаж сүрөттөрүнүн поэтикалуулугу м-н айырмаланат. Венеция республикасынын атайын живописчиси (1433). Жованнинин чыгармалары: «Касиеттүүлөрдүн курчоосунда тактыдагы Мадонна», «Мадонна кичине бак менен», «Мадонна ымыркайы менен» (1487, Академия гал., Венеция), Дож Л. Лоредандын портрети (1502, Улуттук гал., Лондон). «Кудайлардын тойлошу» (1514, Улуттук гал., Вашингтон) акыркы чыгармасы. Жоржоне жана Тициан анын окуучулары болгон.Н. Жылдызова.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4