Белсаз археологиялык эстелиги

Википедия дан

Белсаз археологиялык эстелиги – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктан орто кылымдын аягына чейинки мезгилге таандык кө-рүстөндөр. Кочкор районундагы Кара-Суу жана Кара-Саз айылдарынын түштүк тарабындагы дөбөдө жайгашкан. Булардын ичинен «муруттуу» деп аталган көрүстөндөр өзгөчө мааниге ээ.

Көрүстөндүн күн чыгыш тарабында уй мүйүз сымал атайын тизилген таштардын негизинде аталган. Мындай эстеликтер Казакстандын түштүгүндө кеңири белгилүү. Байыркы түрк доорундагы көрүстөндөрдүн басымдуу көпчүлүгүндө маркумдун жанына жылкынын кошо көмүлгөн учурлары арбын. 11–14-кылымдарга таандык көрүстөндөрдө жылкынын ордуна маркумдун бут жагына ат жабдыктары жайгаштырылган.

Маркумдун жаш өзгөчөлүгүнө, жынысына жараша буюмдар кошо көмүлгөн. Мисалы, аялдын жанына чоң темир кайчы коюлса, коңшу көрүстөндөгү кыздын жанынан кичине кайчы табылган. Ошондой эле кыздын баш жагында жана эки колунда 3 жез тыйын болгон. Ар бир маркумдун баш жагына койдун жото жилиги (чүклүү жилик) коюлган. Салтка айланган мындай жөрөлгө маркум болгон адамга тиги дүйнөдө күч берүүчү ишеним менен байланыштырылат. 1990-жылы археолог К. Ш. Табалдиев, 2002-жылы М.И.Москалев жана А. Солтобаев тарабынан изилденген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]