Ат жабдыктары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ат жабдыктары – токуп минүүгө керектелүүчү буюм-шаймандар. Ат жабдыктарына - ээр, үзөңгү (боосу м-н), канжыга, көмөлдүрүк, куюшкан (куткуну м-н), басмайыл (боосу, көрпөчө бастыргычы, тогоолору м-н), чаполоң, желдик, тердик, ичмек, жүгөн (тизгини м-н), нокто (чылбыры м-н), көрпөчө, ат жабуу, камчы ж. б. кирет.

Аталган буюмдардын ар бири өзүнчө кызмат аткарат. Мисалы, үзөңгү атка минип, түшүш үчүн керек ж-а атчан жүргөндө, кишинин бутуна таканч болуп, тең салмактуулугун сактоо ийкемдүү башкаруу же байлап коюу үчүн керектелет. Кыргыз мүлүшкөрлөрүндө ат жабдыгы катары балдак да колдонулат. Аны ээрдин кашына орнотуп, кушту ууга алып чыкканда кондурат.

Кыргыздар илгертен көчмөн болгондугуна байланыштуу ат жабдыктарынын бүтүндөй турманын жасоого жетишкен. Бирок кыргыздардын байыркы мезгилде колдонуп жүргөн ат жабдыктары азыркылардан алда канча жөнөкөй болгондугу археологиялык казуулардын натыйжасында аныкталган. Мисалы, мурда колдонулуп келген кийиз ээр, жыгач, мүйүз же коло тогоолор ж-а ооздуктар кийинчерээк темир м-н алмашыла баштаган, үзөнгүлөр да, ээрге атайын тагылып коюла турган жыгач, мүйүз, жез, темир үзөнгүлөр м-н алмашылган.

Ылайыкташы ж-а санжыргасы жагынан ат жабдыктары эки түрлүү болот: эркектердики ж-а аялдардыкы. Аялдардын ээри атайын кооздолуп, күмүш чаптырып, оймо-чиймелер м-н жасалгаланат. Ат жабдыктарын кызга арнап атайы жасатып, күйөөгө чыкканда сеп катары беришкен. Мисалы, кыздар үчүн кең тамандуу, жогору жагында боо өткөзө турган атайын көзөнөгү бар күмүш жалатылган темир үзөнгүлөр жасалган. Кээде үзөңгүнү жыгачтан же мүйүздөн жасап, үстүнөн күмүш алкак м-н капташкан. Мындай үзөңгү накер үзөңгү деп аталат. Ат жабдыктарынын темирден жасалчу элементтерин (ооздук, тогоолор, үзөңгү ж.б.) - темир усталар, аларга күмүш жалатууну - зергерлер, кайыштан же жиптен өрүлүп жасалчу элементтерин (жүгөн, куюшкан, көмүлдүрүк, басмайыл ж. б.) - өрүмчүлөр же ээрчилер, ал эми ат жабууну уз аялдар жасашкан. Ат жабдыктарын жасоодо кайыш (үзөңгү боо, жүгөн, нокто, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл ж. б.), кийиз (ичмек, тердик, желдик, ат жабуу ж. б.), жүн ж-а пахта (көрпөчө же көпчүк, ат жабуу, шалча), ал үчүн пайдаланса, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл ээрди ат жонунда бекем кармап, оодурбайт, алдыга же артка жылдырбайт. Чаполоң эңишке, сайышка (жоого) түшкөндө атка бекем туруу үчүн керек. Тердик, ичмектер, аттын жонун ээрге сүрдүрбөй, жоор болуудан сактайт; терин сиңирет; жүгөн, тизгин, нокто, чылбыр атты эми кооздоодо жез, күмүш, асыл таштар, кээде алтын да колдонулат. Жүгөн, басмайыл, куюшкан, көмөлдүрүк, тердик көпчүлүк учурларда купа, сүзмө, гүл, мык, пыштаң, чор, тумарча сыяктуу күмүш оймо-чиймелер м-н жасалгаланат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1