Бел (тоолордун жону)

Википедия дан

Бел (тоолордун жону) – кырка тоолордун кайкыраак жону. Башка тилдерде түрдүү маанилерди берет, мисалы., жал, жайпагыраак түздүк (азербайжан), тоо капталы (тува), тоо, кыркатоо, каптал (алтай), тоо боорунун дан өсүмдүктөрү жыш өсүүчү, кайрак дыйканчылыгы өнүккөн орто чени (түркмөнчө), капчыгай, шаңшаар (түрк), тоо этеги (монгол) ж. б. Биздин ашуу, дабан, өтмөк, арт деген синонимдери да бар. Бул түшүнүккө байланыштуу Кыргызстанда Алабел, Карабел, Түзбел, Көкбел, Музбел, Белкыштак, Белмазар, Белкарасуу ж. б. топонимдер учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4