Бензин

Википедия дан
Япониянын Хиросима шаарындагы май куюучу жай

Бензин — түрдүү түзүлүштөгү углеводороддордун аралашмасы; кескин жыттуу, түссүз, 30-205°Сде кайнай турган, суудан жеңил, күйүүчү суюктук.

Ал 60°Сден төмөнкү температурада тоңот, от алуу температурасы 0°С ден төмөн, абада тез бууланат. Бензин буусунун концентрациясы абада 74-123 г/м3 болсо, жарылгыч аралашманы пайда кылат. Ал көбүнчө ичинен күймө кыймылдаткычтарда отун катары жана эриткич ж. б. максаттар үчүн колдонулат. Отун катарында пайдалануучу Бензин автомобилдик жана авиац. болуп бөлүнөт. Бензиндин негизги касиеттеринин бири -анын детонациялык туруктуулугу. Антидетонациялык касиети октандык сан менен туюнтулат. Октандык саны жогорулаган сайын антидетонациялык касиети өсөт. Детонациялык туруктуулугун жогорулатыш үчүн белгилүү өлчөмдө тетраэтил коргошун Рв(С2Н5)4 кошулат.

Бензин нефтини, аз санда таш көмүрдү, күйүүчү сланецти кайра иштетүүдөн, жаратылыш газынан алынат. Бензинбуусунун абадагы конңентрациясы 100-300 мг/м3 дан ашпоого тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.