Берке

Википедия дан

Берке (1209-1266) - Алтын Ордонун ханы (1255-66). Жучинин үчүнчү уулу. Батыйдын бир тууганы.

Беркенин тушунда Алтын Ордо Монгол империясына баш ийбей, өз алдынча болуп калган. Берке Актөбөгө Берке-Сарайын курат. Ал 14-кылымдын 1-жарымында Алтын Ордого борбор болот. Берке сурап турган чакта алым салуу үчүн Руста эл каттоо жүргүзүлүп (1257), аны жыйнай турган баскактар уюму түзүлөт. Баскактардын зомбулугу нечен жолу көтөрүлүш (Новгороддо 1259, Суздалда 1262) чыгышына себеп болгон. Берке 13-кылымдын 50-жылдарынын аягында Литвага жортуул уюштурган. Беркенин тушунда Алтын Ордонун элине ислам дини тарай баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.