Берков, Павел Наумович

Википедия дан

Берков Павел Наумович (1896, Белгород-Днестровский —1969) — орус совет адабиятчысы, СССР ИА корреспондент мүчөсү (1960). Ал 18-,19-,20-кылымдагы орус адабияты, анын чет элдер адабияттары менен байланыштары, театр, журналистика, китеп таануу, библиография, адабият таануунун техникасы менен методикасы боюнча көптөгөн эмгектерди, СССР элдеринин адабияттарын изилдөөгө арналган бир нече макалаларды жазган. Манас эпосун иликтөөгө да көңүл бөлүп, «Алтайский эпос и «Манас»" деген макала жазып Манас эпосун түрк тилдүү башка элдердин эпостору, атап айтканда, Орто Азия менен Казакстанда кеңири тараган «Алпамыш» жана Алтайлыктардын «Алып-Манаш» аттуу эпикалык чыгармалары менен салыштырып караган. К. Сагидова менен бирдикте Манас эпосу жөнүндөгү адабияттар боюнча жети жүздөн ашуун наамдан турган библиографиялык көрсөткүчтү түзүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4