Бертагаев Трофим Алексеевич
Бертагаев Трофим Алексеевич (1905-1976), белгилүү тилчи, монголтаануучу, филология илимдеринин доктору, профессор, алтай тилдери жана алтаистика боюнча таанымал окумуштуу. Монгол тилдери алардын генезиси, башка тилдер менен өз ара алакалары, тарыхый лексикасы, айрым этнонимдердин келип чыгышы боюнча илимий эмгектерин жараткан ири адис. Т.А.Бертагаев өз алдынча илимий багыттын жетекчиси катары белгилүү болгон. Бир катар этностук аталыштардын келип чыгышына, этимологиясына арналган кызыктуу жана талаш-тартыштарды жараткан илимий эмгектердин автору. Орус-монгол сөздүгүн жазган лексиколог жана лексикограф катары да белгилүү болгон. Анын илимий эмгектери терең анализденген жана булактарга бай изилдөөлөрдөн экендиги илим чөйрөсүнө маалым. Т.А.Бертагаев 1905-ж. Иркутск губерниясынын Иркут уездиндеги Булус улусунда (азыркы Бурят Автономиялуу округундагы Эхирит-Булагат району) туулган. 1976-ж. дүйнөдөн кайткан. 1930-ж. Иркутск университетинде филология факультетинде билим алган. Докторлук диссертациясы "Лексика монгольских языков (опыт исследования слов и фразеологических сочетаний в их номинативной функции на материалах бурятского, халхаского и других монгольских языков)" деген темада корголгон. 1953-1976 жж. СССР ИАсынын Тил институтунда (Москва шаары) монгол тилдери бөлүмүндө илимий кызматкер катары эмгектенген.
Негизги эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Западно-бурятский диалект на материалах лексики // Академия наук СССР ак. Н.Я. Марра, М.-Л., 1934.
- Заметки лингвиста о хоринском говоре // Зап. Бур-Монг. НИИЯЛИ. № 1. Улан-Удэ, 1936.
- Об орфографии бурят-монгольского языка // Зап. Бур-Монг. НИИЯЛИ. № 1. Улан-Удэ, 1936.
- Орос-монгол толь /русско-монгольский словарь/. Бурятоведческий сборник // Зап. НИИКЭ. Улан-Удэ, 1946.
- Об основах образования терминов в бурят-монгольском языке. // Ученые записки пед. ин-та. Улан-Удэ, 1949.
- Об этимологии слов "баргуджин", "баргут" и "тукум" // Филология и история монгольских народов. М., 1958.
- Опыт исследования лексики монгольских языков. Улан-Удэ, 1953.
- Об этнонимах "бурят" и "курикан" // Этнонимы. М., 1970.
- Об этнонимах керумчин // Этнонимы. М., 1970.
- О терминах кан - хан - каган в монгольских языках. // Проблемы алтаистики и монголоведения. Элиста, 1973.
- Внутренняя реконструкция и этимология слов в алтайских языках // Проблема общности алтайских языков. М., 1971
- Культовое значение корневого слова "От-ут" // Советская этнография. № 2. 1974.
- Космогонические представления в мифологии монгольских племен // Историко-филологические исследования, посвященные ак. Н. Конраду. М., 1975.
- Об этимологии хан, хаган, хатун и об их отношении к хат // Тюркологические исследования. М., 1976.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015