Бетонду түзүүчү заттар

Википедия дан

Бетонду түзүүчү заттар - бөтөндүн негизги бөлүгү болгон табигый жана жасалма таш материалдары.

Булар майда (кум) жана ири (шагыл таш) болуп бөлүнөт да, бетондун көлөмүнүн 85%ин түзөт. Бетон эритмелеринин пайдаланылышына (кыш кыноо, шыбактоо, жасалгалоо) жараша ага кошулуучу кумдун бөлүктөрүнүн өлчөмү да ар түрдүүчө болот. Табигый таш материалдар бетон жана темир-бетон конструкцияларын жасоодо, жасалма жеңил материалдар- аглопорит, вермикулит, керамзит, перлит, шлак жана башкалар ири блокторду жана панелдерди даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.