Бешкежиге тоосу

Википедия дан
Бешкежиге, тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Бешкежиге тоосуАкадемик Адышев атындагы кырка тоонун бир тармагы. Түштүгү Талдык ашуусу жана Алай өрөөнү, түндүгү Сөгөт түздүгү, чыгышы Көк-Суу тоосу, батышы Арчалы, Акбосого (Гүлчөнүн алабы) түздүктөрү менен чектешип меридиан багытында 30 кмдей созулуп жатат. Орточо бийиктиги 2900 м, эң бийик жери 4243 м. Түштүктөн түндүктү карай жапыздайт. Бешкежиге тоо бири-биринен терең жана кууш капчыгайлар менен бөлүнгөн чакан беш тоодон (Катыр, Тулга, Кала, Өлбөс жана Көлкежиге) турат. Палеозойдун акиташ теги, бор мезгилинин кызыл түстөгү конгломераттуу аскалары, тоо этеги төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен турат. Тоонун батыш капталы тик, аскалуу, чыгышы жантайыңкы. Батышына токой (2700–3000 м), альп шалбаасы (3000–4300 м), чыгышына субальп жана альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]