Талдык ашуусу

Википедия дан

Талдык ашуусуАлай кырка тоосунда жайгашкан. Алай жана Гүлчө өрөөндөрүн байланыштырат. Бийиктиги 3615 м. Белинде девондун кумдук, чополуу сланец, акиташ теги, капталдарында карбондун акиташ тектери чыгып жатат. Түндүк бети тик (55—60°), жол 12 айланма болуп аркылуу көтөрүлөт; альп жана субальп ландшафты мүнөздүү. Түштүгү жантайыңкы. Ашуу аркылуу ОшХорог авто жолу өтөт.

Бул ашууну изилдеген Юрий Францевич Грушкого коюлган эстелик

Колдонулаган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2