Бешкент-Тагап-Ташрабат мунай кени

Википедия дан

Бешкент-Тагап-Ташрабат мунай кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Бешкент, Тагап кыштагынан 2–5 км түндүктө, Сүлүктү шаарынан 20 км түндүк-чыгышта. Кен 1976–78-жылдары Жалал-Абад мунай чалгындоо экспедициясынын структуралык-издөө жана бургулоо иштерин жүргүзүүдө ачылган. Мунай палеоген мезгилинин III-IV кабаттары менен байланышкан. Кумдук тоотегинен турган 3-4 кабаттары 1200 – 1800 м тереңдикте жайгашкан. Кен үч участкага бөлүнөт: Бешкент, Тагап жана Ташрабат. Бешкент участкасындагы III кабаттын калыңдыгы 3,06 м, мунай сакталган аянты 12,458 км2, баштапкы иштеп чыгаруу запасы В – 743,8 миң т, 1997-жылга карата запасы В –476 миң т. Мунайдын сапатык көрсөткүчтөрү: тыгыздыгы – 0,868 г/см3, парафиндүүлүгү – 10,8, күкүрттүүлүгү – 0,37%, курамында чайыр жана асфальтен – 57%. Кабаттын температурасы 50°С. Тагап участкасында III кабаттын калыңдыгы 2,45 м, мунай сакталган аянты – 6,495 км2, баштапкы иштеп чыгаруу запасы В-292 миң т, 1997-жылга карата запасы В – 118 миң т. Мунайдын тыгыздыгы – 0,867 г/см3. Курамында парафин – 25%, күкүрт – 0,21%, чайыр жана асфальтен – 62%. Кабаттын температурасы 35°С. Ташрабат участкасында IV кабаттын калыңдыгы 2,04 м, мунай сакталган аянты – 9,806 км2, баштапкы иштеп чыгаруу запасы С1–195,9 миң т, 1997-жылга карата калган запасы С1–191 миң т. Мунайдын тыгыздыгы 0,870 г/см3. Курамында парафин – 21,4%, күкүрт – 0,31%, чайыр жана асфальтен – 73%. Кабаттын температурасы 42°С.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]