Бешкент бентониттүү чопо кени

Википедия дан

Бешкент бентониттүү чопо кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Маргун кыштагынан 8 км түндүк тарапта, Белисынык тоосунун түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1350–1450 м бийиктикте. Кенди 1966-ж., 1973-74-ж. Канимансур геол. экспедициясы (Тажикстан) геол. чалгындоо жумуштарын жүргүзгөн. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон тоотектер түзүп, басымдуу бөлүгүн антропоген чөкмөлөрү жаап калган. Кен палеоген тоотектеринин арасындагы ачык жашыл түстөгү бентониттик чопо катмарларынан турат. Алардын калыңдыгы 5–20 мге жетип, 820 мге чейин созулуп жатат. Чопого жогорку даражадагы (33–35) ийилчээктик мүнөздүү. Кендеги чопонун гранулометриялык курамы жана аларда кумдун болушу боюнча кен Чыгыш жана Батыш деген эки участокко бөлүнөт. Батыш участогундагы чопо сапаты боюнча бургулоодо колдонулуучу чопо эриндилеринин бардык техникалык шарттарын канааттандырат. Запасы А+В–405 миң м3, С1–213 миң м3, А+В+С1–618 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: А–121 миң м3, В–253 миң м3, С1-213 миң м3, А+В+С1–587 миң м3. Кен 1957-жылдан 1977-жылга чейин казып алынган. Түндүк Тажик бургулоо мекемелери пайдаланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]