Бешкөл мөңгүсү
Көрүнүш
Бешкөл мөңгүсү – Талас Ала-Тоосунун түндүк капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Узундугу 2,5 км, аянты 3,6 км2. Талас дарыянын сол куймасы Үрмаралдын алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4100 м, этеги 3370 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3680 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Мөңгүнүн бетинин 14%тейин мореналар жаап жатат. Андан Бешкөл өзөнү башталып, Үрмаралдын оң курамы Табылгытыга оң жактан куят.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2