Беш-Булак акиташ теги кени

Википедия дан

Беш-Булак акиташ теги кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Үч-Коргон кыштагынан 3,5 км чыгышта, Академик Адышев кырка тоосунун түндүк капталында. 1973–76-ж. изилдөө жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын девон мезгилинин чөкмө тоотектери түзөт. Пайдалуу катмардын эки түрү белгилүү: 1) жука катмарлуу мраморлошкон, арасында туфтун катмарчасы бар ачык бозомук түстөгү акиташ теги. Туф жашыл, кызгылтым түстө. 2) Акиташ тегинин майда сыныктарынан турган туф-карбонат цементүү брекчия. Ачык жашыл, кызгылтым түстө. Антиклиналь бүктөлүүсүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашып, 700–800 мге созулуп жатат. Запасы мол. Акиташ тегинен, туфтан жана брекчиядан кооз белек буюмдарын жасоого болот. Каптап кооздочу жука такталарды алууга да жарамдуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]