Беш-Таш

Википедия дан

Беш-Таштопоним. Манастын эгин айдап Аккуланы сатып алышы окуясында:

Беш-Таш бек жайлоо

Бек жайлоону ашты эле,

Ары жагы Анжыян

Анжыянды басты эле (Саякбай Каралаев, 1. 173),— деп айтылат.

Эпостун башкы каармандары мекендеген жерлердин бири катары көп эскерилет. Географиялык реалия катары Б.-Т.— Ала-Тоонун түштүк чыгышындагы капчыгай, Кетмен-Төбөгө ашып түшүүчү анын башындагы ашуу. Ашуудан Талас дарыясынын сол куймасы Б.-Т. суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4