Беш тумак

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 5—6 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, стадион.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Тумак, тебетей топу.

Даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүшүп алышат. Кезектеги оюнчу калгандарынан 8—10 м. аралыкка алыс барып баш кийимчен отурат. Калгандары тескери карап малдаш куруп отурат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кезеги келген катышуучу жүгүрүп келип баш кийимчен жалгыз отурган оюнчунун үстүнөн секирип өтөт. Калгандары да улам секирип өтүшөт. Баары өтүп бүткөн соң, жалгыз отурган оюнчу тумагынын үстүнө дагы бир тумак коюп бийиктетип алып отурат. Беркилери жүгүрүп келип андан секирип өтүүгө аракеттенишет. Ошентип оюн, оюндун жеңүүчүсүң аныктагыча өткөрүлөт. Оюндан биринчи чыгып калганы отурган оюнчу менен орун алмашышат.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн убагында отурган оюнчуга кыймылдоого, ордунан жылып күтүүгө уруксат берилбейт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Баш кийимдердин ордуна башка жумшак буюмдарды дагы колдонсо болот. Оюн өткөрүлчү жер таза, ыңгайлуу болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, ылдамдык, ийилчектик тарбияланат, секирүүнүн, түртүүнүн ыкмаларын, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]