Мазмунга өтүү

Биздин замандын кишилери

Википедия дан
Биздин замандын кишилери
Жазуучу Сыдыкбек уулу Түгөлбай
Өлкөсү  ССРС
Тили кыргыз
Басмакана Кыргызмамбас
Чыккан жылы 1958
Беттери 456
Мурункусу Темир
Кийинкиси Тоо балдары

Биздин замандын кишилери – роман. Сыдыкбек уулу Түгөлбай чыгарманы 1943-ж. январь айында жаза баштап, айрым үзүндүлөрү согуш учурунда «Советтик Кыргызстан» газетасында жарык көргөн.

Толук бойдон 1948-ж. басылып, 1949-ж. СССР мамл. сыйлыгына татыктуу болгон. Романда Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы элдин мекенчилдиги, баскынчыларга каршы күрөшүүдөгү биримдиги, улуттар арасындагы ынтымак чагылдырылган. Чыгарманын сюжети бир эмес, бир топ каармандын тегерегинде өнүгөт. Бирок, бул каармандардын ар бири эсте калаарлык мүнөз касиеттерге эгедер. Чыгарма Ысык-Көл боюндагы бир колхоздун бейкут турмушун көрсөтүү менен башталат. Романдын композициясында бир багытта өнүккөн сюжет менен катар сюжеттен тышкары элементтер: портреттик мүнөздөмөлөр, каармандардын ой жүгүртүүлөрү, уламыштар, Мыскалдын коллективдештирүү жылдары жөнүндө эскерүүлөрү, Сергейдин согуш окуялары тууралуу аңгемелери, Чегирткенин мурдагы турмушу жөнүндө баян, пейзаждар кеңири орун ээлейт.

Чыгармада кейипкерлердин кебете-кешпиринин, иш аракетинин көрсөтүлүшү ынанымдуу, пейзаждык сүрөттөр элестүү, айрым жерлерде кыйла жогорку чебердик менен жазылган. Мунун өзү Түгөлбайдын стилинде аналитикалык башталма күч алып, адам психологиясын көрсөтүү ыкмалары жана каражаттары байыгандыгын айгинелейт. Ошону менен бирге согуш окуялары көрсөтүлгөн эпизоддор анчалык ынанымдуу эмес, романдын “өндүрүштүк” мазмунуна анчалык шайкешпей турат. Романдын стилинде публицистиканын ыкмалары, о. эле фольклордук ыкмалар колдонулган учурлар бар.

Романда Түгөлбай согуш жылдарындагы кыргыз айылында жашаган жөнөкөй адамдардын татаал тагдырын көрсөтүүнү максат кылган. “ Биздин замандын кишилери” романынын мазмунунда ал жаралган мезгилдеги коомдук-саясий жагдай өзүнүн изин калтырганын айта кетүү керек. Согуш шартына ылайык советтик идеология элди фашисттик баскынчыларга каршы күрөшкө мобилизациялоого бардык күчүн жумшап жаткан учурда Түгөлбай да эл турмушун ушул өңүттөн, б. а. душманды жеңиш үчүн жасаган эмгегин чагылтууга аракеттенген. Ушул аракетинде автор чыгармасында турмуш чындыгын көрсөтүү ачык эле концептуалдашуусуна, же болбосо бир беткей мүнөзгө өтүшүнө жол берген. Натыйжада өлкөнүн тарыхындагы бул кандуу согуш, ар бир адамдын тагдырына салган эбегейсиз мүшкүл, трагедия, ал мезгилдин курч карама-каршылыктары көмүскөдө кала берген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3