Бийлик жүргүзүү же өзүнө кошуп алуу

Википедия дан

Бийлик жүргүзүү же өзүнө кошуп алуу - Кээ бир ыкма боюнча, же болуп өткөн окуянын натыйжасында бир мамлекеттин башка бир мамлекетке тиешелүү болгон аймакты же белгилүү аянтты кошуп алуусу.

Буга мисал катары өткөн кылымда АКШ Россиядан Алясканы, Мексикадан Техасты, Франциядан Луизиананы сатып алып өзүнө кошуп алганын айтсак болот. II Дүйнөлүк согушта 1940-жылы Советтер Союзу Балтика өлкөлөрүнө басып киргенден кийин ал жактар кошулуп алынган. Дал ушул сыяктуу эле Румыниядан Бессарабия жана Түндүк Буковинаны да кошуп алган. Бул согуштан мурда эле Гитлер Германиясы коркутуу, басып алуу жолу менен Австрияны кошуп алган. Дагы бир ыкма чечим чыгаруу менен кошуп алуу болуп эсептелет.

Өткөн кылымда Греция Осмон империясынын Крит аралын да так ушинтип криттиктерге чечим кабыл алдыруу менен өзүнө кошуп алган. 1974-жылы Греция ушул эле ыкма менен Кипрди алууну көздөгөн, ал өз атуулу Самсонду Кипрде бийликке алып келген жана Греция менен биригүүгө чечим чыгарарда Түркиянын Тынчтык кыймылы буга жол берген эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9