Бий, башчы

Википедия дан

Бий – уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Патриархалдык-уруулук мамилелер мезгилинде Бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй-бүлөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жарымында манапчылык институту тарай баштагандан Бий мансабы орто жана майда манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл арасында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Алар чоң манаптарга баш ийип, алардын кызыкчылыгын жакташкан. Бийлер мүлк талашы, үй-бүлө маселеси, ууручулук, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды карап, өзүлөрүнө тиешелүү маянасын алышкан. 1865–66-жылдары Россия падышачылыгы Түркстанда башкаруунун тартиби жөнүндө чыгарган жоболорго ылайык үч баскычтуу Бийлер соту уюштурулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шайланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жылга чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сомго чейин штраф салууга укуктуу болгон. Бий мансабы айылдык Бийге, болуштук Бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган башка элдердин талаш-тартыштары каралган. Октябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы менен болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927–28-жылдары казы жана Бий соту жоюлган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. ISBN И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.