Билгичтик

Википедия дан

Билгичтик - – билимди (айлана-чөйрөдөгү объекттердин ордун, өз ара катнашын, көз карандылыктарын чагылдыруучу мыйзамдарды, теорияларды, аныктамаларды, эрежелерди, формулаларды) практикалык жана интеллектуалдык ишмердикте пайдалануунун ыкмасы.

Билгичтиксиз билим формалдуу болот. Мисалы: окуучу эрежени же формуланы билет, бирок аны пайдаланып маселе чыгара албайт; сөз түркүмдөрүнүн аныктамаларын так айтат, бирок конкреттүү сүйлөмдү сөз түркүмдөрү боюнча талдай албайт. Демек анын формалдуу билими бар, бирок билгичтиги жок.


  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,